Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору Рысалиев Даниэль Ормонбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.    

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору Сманов Элизар Мухамедкулович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Авазов Курванбек Рахманович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.