И. о. председателя ГКНБ назначен Жумгалбек Шабданбеков - | 24.KG

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Шабданбеков Жумгалбек Кумарович Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 

УКМК төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.