Күн мурун Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кытайлык “Миньшан” компаниясынын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын өкүлдөрү электр приборлорун, анын ичинде турмуш-тиричилик техникасын чыгаруу боюнча аз көмүртектүү технологиялык индустриалдык паркты куруу боюнча инвестициялык долбоорду көрсөтүштү.

Белгиленгендей, компаниянын индустриалдык парктарды куруу боюнча тажрыйбасы бар жана Кыргызстанда тиешелүү парк түзүүнү максат кылууда.

Кыргыз тарап инвестициялык долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин жана компанияга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.