

Кыргыз Ресупбликасынын Президентинин Тоо күн тартиби боюнча Атайын өкүлү Динара Кемелова БУУ системасынын жана тоо өнөктөштүгүнүн Катчылыгынын өкүлдөрү менен, тактап айтканда БУУ системасынын Туруктуу координатору Антье Гравенин жана Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангже менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Динара Кемелова Кыргызстандын тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдыктын (2023–2027-жж.) алкагындагы приоритеттери менен тааныштырып, тоолуу райондордун жашоочулары туш болгон негизги көйгөйлөрдү жана чакырыктарды: климаттык өзгөрүүлөрдү, табигый катаклизмдерди жана татаал географиялык шарттарды белгиледи.
Анда Беш жылдыктын негизги маселелерине, анын ичинде 2023–2027-жылдарга жаңыланган Жол картасында белгиленген тоолуу региондордун жашоочуларынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган чаралар каралган: саламаттык сактоого, таза сууга жана санитарияга, энергоресурстарга, санариптик кызмат көрсөтүүлөргө жана башка социалдык жана экономикалык аспектилерге өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Атайын өкүл Кыргызстандын тоолуу аймактарынын географиялык, демографиялык, социалдык, экономикалык жана экологиялык аспектилерин комплекстүү изилдөө жөнүндө, ошондой эле илимий-техникалык кызматташтык, климаттык каржылоого жетүү жана тоолуу өлкөлөрдүн күч-аракеттерин консолидациялоо үчүн эл аралык платформа катары тоолуу региондордун туруктуулугунун Бишкек глобалдык борборун түзүү демилгеси тууралуу маалымат менен бөлүшүп, өнөктөштөрдү активдүү катышууга чакырды.


2026-жылга карата белгиленген пландардын алкагында Кыргызстандын облустарында жана алыскы тоолуу райондорунда тоолуу экосистемаларды туруктуу өнүктүрүү жана коргоо максатында жергиликтүү бийлик органдарынын потенциалын арттыруу үчүн бир катар тематикалык тегерек столдорду жана форумдарды өткөрүү сунушталды.
Мындан тышкары, Корея Республикасынын Элчиси Ким Квангдже менен жолугушуунун жүрүшүндө кайра жаралуучу энергия булактарын, органикалык айыл чарбасын, туризмди өнүктүрүү жана тоолуу региондордогу тарыхый-маданий объектилерди модернизациялоо боюнча эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, ошондой эле тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча Корея Республикасы менен тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
