2026-жылындын 30-январында кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Кейт Коллинз менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин кеңири талкуулап, өзгөчө АКШнын визалык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөргө көңүл бурушту.
Кыргыз тарап визалык маселелер боюнча өз ара кабыл алынуучу ыкмаларды иштеп чыгуу максатында конструктивдүү пикир алмашууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Америкалык тарап, өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан визалык режимди сактоого байланышкан айрым аспектилерди белгилеп, мындан аркы талкууга жана өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар консулдук мамилелердин бардык багыттары боюнча кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин тастыкташты.