2026-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Албания Республикасынын Европа жана тышкы иштер министринин орун басары Меги Финонун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Тараптар эки жактуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегин талкуулап, анын өнүгүү үчүн олуттуу потенциал бар экендигин белгилешти.

Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.

Эки тараптуу документтердин долбоорлорун макулдашуу жана тышкы иштер министрликтеринин ортосунда адистештирилген консультацияларды өткөрүү боюнча ишти улантуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Тараптар саясий диалогду активдештирүүгө жана ар кандай тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.