“Укук мектеби” коомдук уюмунун жетекчиси, юрист Клара Сооронкулова Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл, 2026-жылы өтүшү керек деген пикирде.

Ал белгилегендей, учурдагы президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында шайланды. Ал эми өлкөнүн Баш мыйзамы 2021-жылдын апрель айында кабыл алынды.

“Ошондо биз президентти мурдагы Баш мыйзам боюнча шайладык. 2010-жылы кабыл алынган Конституциядагы ыйгарым укукту жана макалды бердик. Бирок 2 айдан кийин Конституция өзгөрдү. Менимче, Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин кайра шайлоо өткөрүш керек болчу. Анткени жаңы конституциялык модель боюнча президентке жаңы ыйгарым укуктар берилди, болгондо да ыйгарым укуктары жана макамы кескин түрдө өзгөрдү. Ошондуктан кайрадан президенттик шайлоо болушу керек болчу”, - деди Клара Сооронкулова.

Ал алты жылдык мөөнөттү күтпөй президенттик шайлоону быйыл, 2026-жылы өткөрүү туура болоорун, Садыр Жапаров болчо 2021-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, өз талапкердигин кое алаарын кошумчалады.