Жунусов Болот Төлөгөнович Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Буга чейин директор кызматын 2025-жылдын мартында дайындалган Талант Султанов ээлеп турган.