Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев майыптыгы бар он студентке, ошондой эле көзү азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн адистештирилген мектептин бир окуучусуна 20 000 сомдон стипендия тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Эл өкүлү аталган иш-чарага каржылык колдоо көрсөткөн Түштүк Корея Республикасынын «Силоам» кайрымдуулук борборуна ыраазычылык билдирип: «Аталган демилге туруктуу негизде ишке ашырылып жаткандыгы кубандырат. Бул жолу да стипендиялар таланттуу жана чечкиндүү окуучуларга берилди. Колдоо алардын билим алуусуна жана кесиптик өнүгүүсүнө көмөктөшүп, коомдук жашоого толук кандуу аралашуусу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп ишенем», - деди.
Белгилей кетсек, «Силоам» кайрымдуулук борбору 2014-жылдан бери майыптыгы бар студенттерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.