Интернеттен алынды

Турсункулов Кайрат Эркинович Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Турсункулов Кайрат Эркинович 1985-жылдын 23-майында төрөлгөн. Ал 2009-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тутумунда эмгектенип, стажёрдон тартып Мамлекеттик протокол департаментинин директоруна чейинки кызмат жолун басып өткөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын Германиядагы, Австриядагы жана Бельгиядагы Элчиликтеринде иштеген.

1-класстагы кеңешчи Дипломатиялык рангына ээ.

Англис жана немис тилдерин билет.