Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (Пандемиялардын алдын алуу, даярдык жана ага каршы чара көрүү трасттык фондунун администратору катары чыгуучу) ортосундагы «Борбордук Азияда пандемиялардын алдын алуу, азык-түлүк системаларынын туруктуулугун жана экосистемалардын саламаттыгын камсыз кылуу үчүн «Бирдиктүү саламаттык» программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамынын долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору менен суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев тааныштырды.

Ал белгилегендей, долбоорду ишке ашыруунун алкагында 31,79 млн АКШ доллары калктын, жаныбарлардын ден соолугун чыңдоого жана айлана чөйрөнү жакшыртууга сарпталат. «Фаза 1» үч негизги компоненттен турат жана алар кадимки шарттарда системанын негизги потенциалын түзүү жана бекемдөө үчүн жетишээрлик комплекстүү түрдө иштелип чыккан, ошондой эле алар өзгөчө кырдаал учурунда илдеттерди аныктоо жана ага чара көрүү боюнча маанилүү функцияларды камсыздоого багытталган. Бул регионалдык «Бирдиктүү саламаттык» программасынын концепциясын ишке ашыруу процессинде үч компоненттин өз ара байланышын жана глобалдык саламаттык маселелерине комплекстүү мамилени талап кыларын көрсөтөт.

31,79 млн АКШ долларынын ичинен кредит – 30 млн АКШ доллары, грант – 1,79 млн АКШ доллары. Төлөө мөөнөтү – 50 жыл, жеңилдетилген мөөнөт – 10 лет, үстөк пайызы – 0%.

Талкуу маалында депутат Жылдыз Садырбаева аталган макулдашуунун алкагында кредиттик жана гранттык каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо үчүн конкреттүү көрсөткүчтөрдү колдонуу керектигин билдирди. Ошондой эле ветеринария тармагында антибиотиктерди колдонууну көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Депутат Чолпон Эсенаманова өлкө боюнча ветеринардык-санитардык лабораторияларды куруу жана модернизациялоого, ошондой эле аларды заманбап жабдуулар менен камсыздоо иштерине көңүл бурду.

Депутат Медина Кайрылбекова аква өстүрүү тармагында кеңири тараган ооруларга токтолуп, балык продукциясын өндүрүүнү жана сатууну көзөмөлдөөгө чакырды.

Депутат Жылдыз Курманалиева ири жана майда мүйүздүү малдын ооруларынын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү керектигин кошумчалады.