2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери үчүн салттуу жаңы жылдык кабыл алууну өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Куттуктоо сөзүндө Тышкы иштер ведомствосунун башчысы дипломаттарга Кыргызстан менен кызматташууну чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, өткөн жылдагы өлкөнүн негизги жетишкендиктерине, ошондой эле 2026-жылга карата пландарына токтолду.

Ж. Кулубаев 2025-жылы өлкөнүн тышкы саясий ишмердүүлүгү жогорку активдүүлүк менен мүнөздөлгөнүн белгиледи. Атап айтканда, отчеттук мезгилде жогорку жана эң жогорку деңгээлде 190 жолугушуу өткөрүлүп, 633 эл аралык келишим жана документке кол коюлганын билдирди. Ошондой эле министр дипломатиялык географиянын кеңейгенин белгилеп, өнөктөш өлкөлөрдүн саны 185ке жеткенин, Африкада Кыргызстандын алгачкы элчилиги ачылганын маалымдады.

Учурдагы жылга карата пландар тууралуу сөз кылып, Тышкы иштер министри республиканын ШКУга төрагалыгы жана Бишкек шаарында юбилейлик саммитти өткөрүү негизги артыкчылыктардын бири болорун белгиледи. Мындан тышкары, Кыргызстан VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын жана Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форумун өткөрмөкчү.

Жыйынтыктап жатып, министр Ж. Кулубаев глобалдык туруксуздук шартында Кыргызстан тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун кызыкчылыгында конструктивдүү диалогго ачык, ишенимдүү өнөктөш бойдон кала берерин баса белгиледи.