2026-жылдын 20-январында Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана Сербиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Дамьян Йович видеоконференциялык байланыш аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Бул тууралуу ТИМнен билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Артыкчылыктуу маселелер боюнча кызматташуунун келечегин изилдөө үчүн эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишишти.

Ошондой эле экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, парламенттер аралык диалогду жана маданий кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар жетишилген келишимдерди ишке ашыруу үчүн тыгыз иш байланыштарды сактоого макулдашышты.