Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар социалдык-экономикалык мүнөздөгү бир катар маселелерди көтөрүштү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Алсак, депутат Айгүл Ахмедова Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн мигранттардын укуктук абалын жана социалдык камсыздоосун жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду. Анын айтымында, миграциялык мыйзамдардагы өзгөрүүлөргө байланыштуу көптөгөн мекендештерибиз олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда.
Ал эми эл өкүлү Кундузбек Сулайманов айрым калктуу конуштардын аталыштары бийик тоолуу жана алыскы аймактардагы калктуу конуштардын тизмесине туура эмес киргизилип калганын билдирип, бул маселеге көңүл бурууну өтүндү.
Муну менен катар депутат Медина Кайрылбекова такси айдоочуларын милдеттүү лицензиялоо менен катар алардын эмгек шарттарын жакшыртуу керектигин айтты. Атап айтканда, коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер менен жүрүүгө уруксат берүү жана аэропорттордо акысыз унаа токтотуучу жайларды камсыз кылуу маселесин көтөрдү.
Андан тышкары, депутат Улукбек Узакбаев аймактардагы дренаждык тутумдардын техникалык тейлөөсүнө байланышкан көйгөйлөргө токтолуп, бул маселе өзгөчө жазгы талаа иштеринин алдында актуалдуу экенин кошумчалады. Муну менен катар Суусамыр өрөөнүнүн тургундары үчүн электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн чегин көбөйтүүнү сунуштады.
Депутат Венера Салямова Манас шаарында Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин филиалын ачууну сунуштады. Ал белгилегендей, учурда мындай филиалдар Бишкек жана Ош шаарларында гана бар болгондуктан, жарандар протездерди жана башка ортопедиялык буюмдарды жасатуу жана оңдоо үчүн алыскы жолго чыгууга аргасыз.
Депутат Абдылдабек Эгембердиев Сокулук районунун Комсомол айылында 1986-жылы курулган бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоону бүткөрүү үчүн каржылоо маселесин чечип берүүнү өтүндү. Мындан тышкары, эл өкүлү аталган райондун Манас айыл аймагына караштуу Лесное айылында мектеп куруу маселесин ортого салды.
Депутат Санталат Аманова Ош шаарынын мэриясына шаардык инфраструктура объекттерин өнүктүрүү максатында салыктык түшүүлөрдүн 50 пайызын өткөрүп берүү маселесин карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле эл өкүлү Папан айыл аймагында бир да мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана спорттук комплекс жок экенин жүйө келтирип, аталган объекттерди курууну быйылкы жылга каралган капиталдык салымдардын титулдук тизмесине киргизүүнү өтүндү.
Депутат Эльдар Сулайманов Мадамин Назаров атындагы орто мектептин авариялык абалы тууралуу сөз кылып, заманбап мектеп имаратын куруу керектигин айтты. Муну менен катар эл өкүлү Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылындагы төрөт үйүн каржылоо маселесин көтөрдү.
Өз кезегинде депутат Темирлан Айтиев Аламүдүн районунда шаардык транспорт кыймылын камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын ишин сынга алып, бул иштин 80 пайызын Бишкек шаарынын транспорт департаменти аткарып жатканын белгиледи.
Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев Тогуз-Торо районунун тургундарынын кайрылуусуна көңүл буруп, Бишкек-Казарман багыты боюнча авиабилеттердин баасын 3100 сомдон 2100 сомго чейин төмөндөтүүнү суранды. Ошондой эле эл өкүлү унаа жолдорундагы кар көчкү коркунучу бар тилкелерде алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү, тактап айтканда, галереяларды куруу зарылдыгын кошумчалады.
Депутат Болот Сагынаев азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана дыйкандарды колдоо саясаты алкагында Ысык-Көл облусунун айыл чарба өндүрүүчүлөрүн муздаткыч кампалар менен камсыз кылууну, жашылча-жемиштерди кабыл алуу пункттарын курууну сунуштады. Ошондой эле аталган продукцияны мамлекеттик мекеме-ишканалар, бала бакчалар аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.
Ошону менен бирге депутат Алтынбек Кудайбердиев Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун калкын таза суу менен камсыз кылууга чакырды. Эл өкүлү түтүктөрдү тартуу жана суу сактагыч куруу иштери жүргүзүлгөнүнө карабастан, долбоор толук ишке ашпай калганын билдирди.
Депутат Жылдыз Курманалиева Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагындагы №13 орто мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү маселесин көтөрүп, ошондой эле Сузак районунда спорттук комплекс жок экенин белгиледи. Ал эми депутат Бекмурза уулу Чолпонбек аталган райондо кошумча билим берүү мекемелерине муктаждык бар экенине токтолду.