Улуттук банктын төрагасынын жаңы орун басары болуп Медет Таиров дайындалды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Таиров Медет Маратович Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп бекитилди.
Буга чейин ал «Элдик банк» ААКнун башкармасынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.
