Возможно, это изображение текст

Бүгүн, 19-январда Транспорт жана коммуникациялар министринин жаңы биринчи орун басары болуп Базаралиев Бекназар Токтосунович дайындалып, министрликтин эмгек жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 16-январда кол койду. Ошондой эле, Солтобаев Талантбек Осмонбекович биринчи орун басары кызматынан бошотулду.  

Министр Абсаттар Сыргабаев жаңы дайындалган Бекназар Базаралиевди кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.