2026-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кылычбек Султан Пакистандын Улуттук мурас жана маданият боюнча Федералдык министри Аурангзеб Хан Хичи менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу пикир алмашышты. Айрыкча, Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Маданият күндөрүн уюштуруунун практикалык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында аталган маданий иш-чараны даярдоо жана өткөрүү процессин координациялоо максатында биргелешкен жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашылды. Мындан тышкары, тараптар Нооруз майрамын белгилөөнү камтыган биргелешкен маданий иш-чаралардын программасын иштеп чыгуу ниетин билдиришти.

Тараптар Кыргызстан менен Пакистан элдеринин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө, ошондой эле маданий алмашууну жана өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө эки өлкөнүн ортосунда Маданият күндөрүн өткөрүү маанилүү кадам болорун белгилешти.