Чек ара маселеси – эң таалылуу маселе жана ал эртеби-кечпи чечилиши керек эле. Мындай пикирин журналист Төлөгөн Сулайманов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. 

“Буга чейинки бийлик ээлеринин чек араны чечүүгө аракеттери болгону менен баары жоопкерчиликтен качып коюшкан. 

Эл аралык тажрыйбада чек ара маселеси дайыма 50-50 болуп чечилет. Эгерде маселе 50-50дөн алыстап чечилсе, бул кийинки конфликттердин предмети болуп калат. 

Менимче, Кыргызстан - Тажикстандын чек арасын 50-50 принциби менен чечүүдө эч бир мамлекет уткан да, утулган да жок. Бул чыныгы тарыхый чечим болду”, - деди Сулайманов. 

Ал белгилегендей, дүйнөлүк эксперттердин айтымында, Фергана өрөөнүндө 3 чоң маселе болгон: 

1. Чек ара маселеси. 

2. Экономикалык-социалдык маселе. 

3. Диний маселе. 

“Кыргызстан-Өзбекстан-Тажикстан чек араларынын такталышы эки маселени автоматтык түрдө чечти: чек ара жана экономикалык-социалдык. Ал эми диний радикализм 3 мамлекеттин биргелешкен иш-аракетине байланыштуу болот” – деди ал.