542_HHYCb2t.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Кененбаев Замирбек Алымбекович Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Замирбек Кененбаев 1981-жылы туулган. Ал Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык, экономикалык жана бажы иши факультеттерин бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:

  • 2005-2021-жылдары — өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы;
  • 2022-жылы — Мамлекеттик салык кызматы, башкы инспектор;
  • 2022-2023-жылдары — министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиги, башкы инспектор;
  • 2023-жылы — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги, директордун жардамчысы;
  • 2023-2026-жылдары — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Объекттерди башкаруу боюнча дирекциясы" мамлекеттик ишканасы, директордун орун басары.

Булак: Кабар