Темирбек Эркинов саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Темирбек Эркинов саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул маалыматты Министрлер кабинетинен тастыкташты.

Ал Нургүл Аднаеванын ордуна дайындалды.

Буга чейин Эркинов тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.

Булак: 7tv.kg