Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Чынгыз Ажибаев саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият тармагынын мыктыларына Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  

 

Сыйлыктар Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемесине ылайык, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон, өз тармагындагы көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген жана коомдук иштер менен жигердүү алектенген кызматкерлерге берилди.    

Алгач сыйлык ээлерин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктаган Төраганын биринчи орун басары алардын эмгегин баалоого бийлик тарабынан жакшы көңүл бурулуп жатканын белгилеп: “Саламаттык сактоо жана билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлык акысы 2026-жылдан баштап эки эсе көтөрүлө турганын Курултайда Президентибиз белгилеп өттү. Сиздердин эмгегиңиздерге татыктуу баа берилиши мамлекетибиздин өнүгүп жатканынан кабар берет”, - деди Чынгыз Ажибаев.