Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда президент Садыр Жапаров делегаттарга бийликти мактабоону эскертти. 

"Силер бийликти мактап көп убактыңарды коротуп жатасыңар. Аты-жөнүңөрдү, районуңарды айтып эле маселеңерге өтө бергиле. Бийлик мактасаңар, оппозиция менен НПОго Кудай берет: мына, жалаң дүжүрлөрдү чогултуп алып, атайын мактатышты дешет. Андайга жол бербегиле", - деди президент. 

Ошондой эле, ал бийлик мактоого муктаж эместигин белгиледи. 

"Баарын ачык айткыла, сындачуну сындагыла. Эч бир аткаминер делегаттарды курултайда айткан сөзү үчүн кысымга ала албайт. Азыр мага бир маалымат жетти, кайсы бир аким делегат шайлоо процессине кийлигишиптир. Биз аны иликтеп жатабыз жана ал акимди жазалайбыз. Курултай - бул эл менен президенттин ортомчусуз байланышы, көйгөйлөр ачык айтыла турган аянтча", - деди өлкө башчы.