Бүгүн, 25-декабрда Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, бүгүнкү аткарылып жаткан иштердеги Камчыбек Ташиевдин ролун белгиледи. 

Ал чек ара маселесинин толук чечилиши жөн гана маселе эмес, өлкөнүн толук көз карандысыздыгы үчүн кепилдик экенин белгиледи. 

"Мамлекеттик чек арабыздын өз убагында толук такталбагандыктан, узак жылдар ар кандай окуяларды, анын ичинде кандуу окуяларды баштан кечирдик. Чек ара маселесинин толук чечилишинде Камчыбек Кыдыршаевич баштаган өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрүнө өзгөчө ыраазычылык билдирип кетем", - деди Садыр Жапаров. 

"Коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин чечип алуубуз жалпы Борбордук Азияга коопсуздукту камсыздады. Мындан ары коңшуларыбыз менен сый-урматта жана тыгыз кызматташтыкка жашайбыз", - деп белгиледи мамлекет башчы.