Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министринин кызматына дайындоого макулдук берген.