Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагасы болот. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Ал жаңы чакырылыштын биринчи жыйыны 17-декабрда өтөөрүн кошумчалады.«Депутаттар ант беришет, андан кийин биз спикерди, андан кийин анын орун басарларын жана комитет төрагаларын шайлайбыз. Мурдагыдан айырмаланып, Жогорку Кеңештин түзүмүн тез арада түзөбүз. Биздин спикер ким болот? Нурланбек Шакиев биздин спикер бойдон калат. Үч орун басары тең жаңы. Сегиз комитет болот. Бизде отун-энергетика комитети болбойт, илим жана билим берүү боюнча комитет болот», — деди депутат.
Анын айтымында, учурда депутаттар парламенттик топторду түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты.
Булак: govori.tv