Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышы өз ишмердүүлүгүн баштады. Депутаттардын күбөлүк, төш белги алуу жана ант берүү аземине президент Садыр Жапаров катышты. 

Ал Кыргызстандагы парламентаризм тууралуу айтып берди жана депутаттарды мурдагы эл өкүлдөрү жасаган терс жоруктарды кайталабоого чакырды. 

Садыр Жапаров саясий ишмердүүлүгүн 2005-жылы депутаттыкка шайлануу менен баштаганын эскерди. 

 “2005-жылы 75 депутат шайланганбыз. Ошентип, саясий окуяларга күбө болуп, саясаттын күңгөй-тескейин ажыратып, таанып, тажрыйба топтоп баштадым. 3-чакырылышты ошол кездеги президент Бакиев тараткан. Кийин Башмыйзам өзгөрүп, партиялык система менен жаңы парламент шайланып келди. Ал да узакка отурган жок. 2010-жылы тарады. Ошол эле жылы өлкөдө парламенттик башкаруу системасы орнотулду. Бирок ал саясий коррупциянын араанын ачты. Партиянын тизмесиндеги алдыңкы он орун миллион долларга чейин бааланып, сатылды. Мен “Ата-Журт” партиясын жетектөө менен экинчи жолу депутат болуп шайланып келдим. Саясий башаламандыкка, коррупцияга өз көзүм менен күбө болдум. Жогорку Кеңешке өткөн фракциялар бири бири менен соодалашып, 3 партия өлкөнү үчкө бөлүп кетти”, - деди ал.

Ал партиялык башкаруунун кесепетинен өлкөнүн кадр саясаты туңгуюкка кептелгенин, партиялардын билими, тажрыйбасы жок тарапташтары жооптуу жетекчилик кызматтарга дайындалганын белгиледи. Аны менен  чыныгы кесипкөй, иш билги адистердин келечегине балта чабылган. Айтымында, ошол маалда жетекчилер жана министрлер президентке эмес, фракцияларга баш ийип, фракциялар өзүнчө президентке айланып алышкан. 

Ошондой эле өлкө башчы мындай шартта айрым саясатчылар популизмге берилип, "бул депутат кыйын экен тиги министрди бурчка такады" деген элдин сөзүнө татыктуу болуу үчүн гана катуу билдирүүлөрдү жасап калганын эстетти. 

"Кээ бир депутаттар кайсы бир олигархтан ири сумма алып, ал үчүн атайын мыйзам долбоорун жазышкан да учурлар болгон", - деди Жапаров. 

Садыр Жапаров жаңы депутаттарга мындай ыплас жоруктарды кайталабоону эскертти. “Муун алмашып, заман өзгөрүп жаткан чакта Кыргызстанды жаңыча өнүктүрүүгө”, берген антын сактоого чакырды.