Кыргызстанда жеке жактар тарабынан стратегиялык маанидеги суу чарба объектилерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан  текшерүүнүн алкагында жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан жалпы аянты 11 гектардан ашык болгон кызматтык үйлөр жана ага жанаша жайгашкан аймак мамлекеттин менчигине кайтарылды.