Бүгүн, 9-декабрь Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөшүү күнү. Буга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына маек берди.
Ал 2024-жылдын соңунда бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, коррупционерлерге карата жаза катаалдашканын билдирди.
"2025-жылдан тартып коррупцияга каршы күрөштү жаңы мыйзам менен жүргүзүп баштадык. Анын жыйынтыгында 300 миллиард сомдон ашуун мал-мүлктү, акча, финансылык каражаттарды мамлекетке кайтарып бердик. Миңден ашуун ар түрдүү ишкана, мекеме, объектилер кайтарылды. 30 миң гектардан ашуун жер мамлекеттин менчигине кайра өттү. Эмнеге Кыргызстанда ушунчалык чоң масштабдуу коррупция болуп келген? Мунун баары эгемендүүлүк алган алгачкы жылдардагы менчиктештирүү процессинин айынан", - деди Ташиев.
Айтымында, 1992-1993-жылдары өлкөдө менчиктештирүү элдин кызыкчылыгына каршы болгон. Ошол маалда жетекчилик кызматта тургандар мамлекеттин мүлкүн болушунча талап-тоношкон. Анын баары элге кыянатчылык менен жүргөн. Элдин мүлкү өз колуна тийбей, мамлекеттик кызматтарда иштеген шылуундардын колунда калган. Анын негизинде мамлекет абдан жакырланган.
"Менчиктештирүү да мыйзамдын негизинде жасалган. Бирок ошол мыйзамдарды бузуу жолу аркылуу. Мыйзам боюнча объектини менчиктештирген тарап аны өзүнүн профилинде иштетиши керек болчу. Мисалы, автобазаны алса, элге ал объект автобаза катары кызмат кылышы керек, завод-фабриканы алса, ошол багытында өнүгүп, элге жумуш орундарын түзүш керек. А булар автобазаны алат дагы, жерин кесип сатат, техникаларын такыр эле жок кылат. Завод-фабрикалардын имараттарын талкалап сатышып, жерин бөлүп-бөлүп базарга айлантышат. Кээ бир жерлерде социалдык объектилер: бала бакча, мектеп, оорукана дагы талап-тоноого туш келип, менчиктештирилип кеткен. Балдар лагери, спорттук жайлар, балдардын эс алуу жайлары, алтурмак ар бир мекемеге караштуу пансионаттар да жеке колдорго өткөн. Бул мамлекетти өтө алсыздандыргандыктан, колунан эч нерсе келбей калган. Талап-тоноо процесси 2020-жылга чейин уланып келген", - деди Камчыбек Ташиев.