УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына маек куруп, коррупция менен күрөшүү темасы боюнча сөз кылды.

Ал маселесин чечип берүүнү каалаган адамдар үйүнө чейин акча алып келгенин айтып берди.

«Мамлекетте коррупциялык көрүнүштөр азайды. Мамлекеттик органдарда коррупциядан айбыгып, мыйзамдан коркуп калышты. Ушул процессти өнүктүрө берсек, коомубуз, мамлекеттик органдар коррупцияга барбай жашаганга көнөт. Жаңы муун келгенде коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо күндөлүк эле турмуш болуп калат.

Башында «неужели Ташиев пара албайт, неужели Ташиевди сатып алса болбойт, неужели байлыкка кызыкпайт» деп жүрүштү. Байлыкка кызыктырганга да аракет кылышты. Ар түрдүү, үрөй учурган, чачыңды тик тургузган окуялар болду. Үйүмө чейин коробка-коробка акча көтөрүп келгендер болду. Аларды кайра катуу жазалап, ошондон кийин түшүнүштү.

Башында коррупция менен күрөшөбүз деп, аеосуз күрөш баштаганда жаман көргөндөр көбөйгөн. Токтоп калар бекен деп ойлошкон.

Акыр-аягы коомубуз бизге ишенип калды», - деди Ташиев.

Булак: Баракелде