Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан №13 шайлоо округундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими шашылыш, негизгиз жана мыйзамсыз болду. Мындай пикирин Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

“Мында үч тараптын: шайлоодо добуш берген шайлоочунун, шайлоону өткөргөн мамлекеттин жана талапкерлердин кызыкчылыгы козголот. Чечим шайлоо учурунда эреже бузуулар болгону тууралуу ырастоолордун негизинде кабыл алынган, бирок мындай тыянакты негиздей турган бир дагы тастыкталган далил жок. Эреже бузуулар факт жүзүндө болгонун күбөлөндүргөн расмий арыздануулар, протоколдор, рапорт же башка материалдар дагы жок. Эгерде кандайдыр бир эреже бузуу болсо, ал укук коргоо органдары тарабынан катталышы керек болчу. А андай кагаз жок”, - деген Сатыбалдиев.

Ошондой эле, Сатыбалдиевдин айтымында, буга чейин тиешелүү органдар мындай ырастоолорго баа берип, кылмыш ишин козгоого негиз жок деген тыянакка келишкен жана байкоочулардын иш аракеттери мыйзамга ылайык келгенин белгилешкен.

А бул болсо БШК чыгарган тыянакты талаштуу маселеге айландырат, анткени ал расмий текшерүүлөрдүн корутундусуна карама каршы келүүдө.

Сатыбалдиев шайлоо тилкесиндеги видео тартуу боюнча айтып жатып, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамында байкоочуларга добуш берүүнүн жашыруундугун сактоо жана комиссиянын ишине тоскоолдук жаратпоо шарты менен фото, видео жана аудио жаздырууларды жүргүзүүгө укук берилгенин белгиледи.

“Ошондо видеого тартып алуу өз алдынча эреже бузуу болуп саналбайт, ал добуш берүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоонун мыйзамдуу механизми. Далилдик базанын жоктугун, расмий документтерге карама-каршылыктарды жана мыйзам нормаларын туура эмес чечмелөөнү эске алуу менен, БШКнын көрсөтүлгөн токтому жетиштүү укуктук негизсиз кабыл алынган деп жыйынтык чыгарууга болот”, - деди Элмурза Сатыбалдиев.

Ал БШКнын бул чечимин мыйзамсыз деп таанууга, анын үстүнөн сотко кайрылууга болоорун кошумчалады.