Возможно, это изображение один или несколько человек

БШК шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарган №13 окуругунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Айгүл Карабекова БШКны сотко берет. Бул тууралуу ал Би-Би-Сиге билдирген.

«Мен азыр БШКны сотко бергени кетип жатам. Кимдир бирөөнүн айынан биз жабыр тартпашыбыз керек да. Биз тарапка эч ким арызданган жок. Мыйзам бузган жокпуз. Сыдыковдун айынан биз эмнеге четтетилишибиз керек?», — деген ал.

Белгилей кетсек аталган округдан шайлоодо алдын ала жыйынтыктарга ылайык, Бактыбек Сыдыков алдыга чыккан. Бирок, БШК 3-декабрда округдагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, талапкерлер кийинки шайлоого катыша албасын билдирген.

Булак: govori.tv