{{ item.title }}

Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынынын тар курамдагы жолугушуусу өттү.

Жыйын Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында өттү.

Жолугушууда эки мамлекеттин президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин буга чейинки жогорку деңгээлдеги жолугушууларынын жыйынтыгында кол коюлган маанилүү документтер, анын ичинде 2025-2027-жылдарга кызматташуу боюнча комплекстүү План жана 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча Жол картасынын ишке ашырылышын сүйлөштү. 

Тараптар соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин карашты.