Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу өлкөдөгү айрым маселелер боюнча элге кайрылып, энергетика, тышкы карыз жана айдоочулук күбөлүк берүүдөгү реформаларга байланыштуу пикирин билдирди.

Мамлекет башчы «элди козуткан топтор бар» экенин белгиледи. Алардын арасында ири коррупциялык иштерге аралашып, ачылган кылмыш иштеринин негизинде камалып, уурдалган ири суммадагы каражат же обьектилерди мамлекеттик бюджетке өткөрүп бергендер бар экенин белгилеген.

Жапаров сөз ким жөнүндө болуп жатканын ачыктаган эмес.

Президент өлкөдө төңкөрүшкө жол берилбей турганын, азыр мамлекет күчтүү экенин жазды.

«Төңкөрүшкө жол берилбейт. Себеби, биринчиден, төңкөрүшкө шылтоо бербейбиз. Экинчиден, мурдагы алсыз мамлекет жок. Мамлекет азыр күчтүү. Үчүнчүдөн, элдин баары кимдерди кубалаш керек, кимдер бийликте олтуруш керек экенин жакшы билип калышты. Мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр. Төңкөрүштөн пайдаланып мародерчулук, алдым-жуттумдуулук, төңкөрүштөн кийин мурдагыдай бир кызматты мыкчый калып байыганды түшүңөрдө көрө бергиле», — деп жазган.

Булак: govori.tv