Президент Садыр Жапаров «Курал жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Документке ылайык, сыйлык куралдарга тиешелүү 6-берене жаңыланды. Эми бул берене боюнча сыйлык куралына бычак, шашка же кылыч, кыска мылтык, аңчылык мылтыгы, ошондой эле мамлекет башчыларынын жана өкмөттөрдүн (анын ичинде чет өлкөлөрдүкү да) сыйлык грамотасы же тиешелүү документтеринин негизинде берилген куралдар кирет.
Сыйлык курал менен кызматтык же согуштук ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн офицерлер, ошондой эле Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлери республиканын коопсуздугун бекемдөөгө кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйланышы мүмкүн.
Мыйзамга ылайык, ысымдуу курал менен сыйлоо Координациялык кеңештин макулдугу менен Министрлер кабинетинин же Жогорку Кеңештин төрагасынын буйругу аркылуу бир жолу гана жүргүзүлөт. Кайталап сыйлоо президенттин буйругу менен гана мүмкүн болот.
Коргоо, ички иштер, улуттук коопсуздук жана чек араны коргоо тармактарындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери бычак, шашка же кылыч менен сыйлоо укугуна ээ.
Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.