Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Бишкек шаардык кеңештин жана айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту. Алардын ордуна партиялык тизме аркылуу жаңы талапкерлерге мандаттар ыйгарылды.
Мандат алмашуулар төмөнкүдөй болду:
- «Эл Үмүтү – Народная Надежда» фракциясынан Болот Ибрагимовдун ордуна Тилек Асылбеков келди;
- Ушул эле фракциядан Карыбек уулу Улукбектин ордуна Азирет Асилбеков келди;
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин депутаты Алтынбек Абдрахмановдун ордуна Асхат Бердикулов дайындалды;
- Балыкчы шаардык кеңешинен кеткен Эркин Сыдыковдун ордуна Эркинбек Токтоболотов келди.
БШК депутаттар ыйгарым укуктарынан өз арызынын негизинде баш тартканын белгилейт.
Булак: koom.press