БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер канчасына чейин арыз бериши керектигин, каттоо, үгүт иштери качан башталарын Sputnik агенттигине айтып берди.

Ал арыздар 31-октябрга чейин кабыл алынарын билдирди. Андан кийин 10-ноябрга чейин талапкерлерди каттоо жүрөт. Үгүт иштери 10-ноябрда башталып, 29-ноябрь саат 08:00гө чейин уланат. Бул убакыттан 30-ноябрга чейин "жымжырт күн" жарыяланат.

Шайлоо участогуна келе албаган (маселен, майыптыгы барлар) добуш берүүчүлөр арыздарын 28-ноябрга чейин жөнөтүшү керек.

Шайлоо 30-ноябрда өтөт. Автоматтык эсептөөчү урналар шайлоонун жыйынтыгын дароо көрсөтсө, расмий жыйынтык толугу менен 14-декабрга чейин чыгат.

Булак: sputnik.kg