Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга ниетин билдирген арыздар келип түшүүдө. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-октябрда БШКга 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №23 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкер Элвира Сурабалдиевадан арыз келип түштү.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.

Булак: Кабар