Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал эл алдыда болчу парламенттик шайлоодо татыктууларды тандап алууга чакырды.
"Татыктууларды шайлап алуу эми мындан ары өз колуңуздарда.
Өз балабыз деген түшүнүктөн да алыс болуңуздар. Чаткалдан Алайга, Алайдан Ат-Башы менен Каркырага барып койсо дагы баары өз балаңар. Биз баарыбыз бир эле элбиз", - деди.
Мамлекет башчы түшүндүргөндөй, учурдагы мыйзам боюнча ар бир округдан үчтөн депутат ат салышат. Бир шайлоочу талапкерлердин бирөөнө гана добуш бере алат. Бул бир шайлоочу – бир добуш. Ал эми үчүнчү орун аялдарга таандык.
Садыр Жапаров аялдарга өзүнчө орун берүү дүйнөдө жок система экенин белгиледи:
"Мурда аялдар эркектер менен бирдей шартта эле шайлоого катышчу. Көрдүңүздөрбү? Дүйнөдө бир да өлкөдө жок системаны киргиздик. Аялдардын укугу тебеленбесин дедик. Биз аялдарды сыйлаган улутпуз. Биздин улуттан эл башкарган аялдар, мекенин коргогон баатыр кыздар чыккан.
Ошол эле адам укугун, аялдардын укугун коргошубуз керек деп кыйкырган өлкөлөрдө аялдар үчүн мындай шарттар жок. Айткан сөздөрү менен кылган иштери дал келбейт. Башкалардан талап кылганды жакшы билишет, бирок өздөрү ошол талаптарды иш жүзүндө аткарышпайт", - деди.
Мамлекет башчы бийлик таза шайлоо өткөрүүгө толук шарт түзгөнүн билдирип, калганы шайлоочулардын колунда экенин айтты.
"Эми сиздер таза шайлап үйрөнүңүздөр. Добушуңуздарды сатпаңыздар. “Добуш сатып алам” деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Экинчи “добуш сатып алам” деп келбегидей кылыңыздар. “Жол, мектеп, бала-бакча салып берем” же “асмандагы айды алып берем” дегендерге таптакыр ишенбеңиздер. Депутат деген эч нерсе куруп бербейт, депутат деген мыйзам жазат, анын аткарылышын көзөмөлдөйт, эл менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп, округунда кандай көйгөйлөр болсо жеткирип келип, анын чечилишине кам көрөт.
Добушуңарды сатып алган депутат эзели силер үчүн же мамлекет үчүн иштебейт. Шайлоого короткон акчасын толуктайм деп беш жыл бою өзү үчүн иштейт. Добушуңарды сатсаңыздар, 5 жыл бою ал депутатты округдан көрбөйсүздөр.
Талапкерлердин дагы бир түрү болот. Алар тили менен буудай кууруйт, бирок колунан эч нерсе келбейт. Андай депутаттарды да көрдүңөр, көрүп эле жүрөсүңөр. Алардан да сак болгула.
Кыскасы, бул шайлоодо дагы “баягыларды” шайлап алып, 5 жыл бою “депутаттар – акмактар” деп наалыбагыла. Наалысаңар өзүңөргө наалыган болосуңар. Кимдерди шайласаңар да, алар силердин өзүңүздөрдүн 5 жылдык депутатыңар болот.
Мындан ары мурдагыдай партиялык тизмеге кире калып, миллион доллар бере салып, эч ким тааныбаган эле бирөө депутат болуп келген башаламан система жок. Мындан ары депутаттарды түздөн-түз өзүңүздөрдүн араңыздардан шайлап аласыздар. Биз, бийлик, “талапкерди эл өзү тандап алсын” деп толук шарт түзүп бердик. Эми өзүңөр жаңылбай, тандап алып, анан шайлаңыздар. Бул жолу чыныгы элдик өкүлдөрдү, өзүңөрдүн өкүлүңөрдү шайлайсыздар", - деп белгиледи.
Ошондой эле, мамлекет башчы айыл өкмөттөн баштап ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге да кайрылуу жолдоду:
"Шайлоого аралашпаңыздар. Кимде ким аралашкан болсо, кызматтан кетип эле тим калбайсыздар. Катуу жазалайбыз.
Талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салбайбыз. Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жүрөккө жаккан талапкерге добушуңуздарды бере бериңиздер. Бирок үгүт иштерине катышпаңыздар. Баланча талапкерди өткөрөм, түкүнчө талапкерди жыгам деп чуркабаңыздар. Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөймүн. Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзүм барып катышам же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилеримди жиберемин. Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз.
Келиңиздер, биз деле өнүккөн өлкөлөр сыяктуу цивилизациянын туу чокусуна умтулалы. Экономика менен алектенели, коргонуу, коопсуздугубузду бекемдейли.
Качанга чейин ызы-чуудан башыбыз чыкпай жүрө беребиз?
Кыскасы, бул шайлоо биздин тарыхыбызда болуп көрбөгөндөй таза өтүшү керек.
Эл кайсы талапкерди кааласа, ошол талапкер өтсүн.
Эл шайлап берген депутаттар менен иштешүүгө даярбыз".