Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал 25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн өзү таратуу чечимин кабыл алгандан кийин бүгүн парламенттик шайлоону 30-ноябрга белгилеп, Жарлыкка кол койгонун айтты.
"Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 30-ноябрь күнү болот.
Биринчиден, демилге көтөрүп, ушул маселени колдоп берген депутаттардын баарына терең ыраазычылык билдиремин.
Сиздер алдыда калган бир жылдык депутаттык мөөнөтүңүздөрдү эмес, мамлекеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун ойлодуңуздар.
Мамлекеттик деңгээлде мамлекетчил атуул катары ой жүгүрттүңүздөр.
Себеби келечекте эки шайлоо ар беш жыл сайын бири-бирине учкашып өтсө, бул, биринчиден, БШК үчүн кыйынчылык жаратат, экинчиден, саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн.
Үчүнчүдөн, келерки жылы күздө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана көчмөндөр оюну бизде өтөт. Кыскасын айтканда “Тогуз толгоо” бир келип атат.
Кээ бир саясатчылар же оппозициячылар бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат деп ойлошу мүмкүн.
Жок, туугандар. Мен эч бир депутаттан тарагыла деп суранган деле жокмун.
Мен 5 жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем.
Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күч экенин сезип турам. Тек гана мындан ары узак мөөнөткө саясий стабилдүүлүк орногонуна кубанып жатам", - деди Садыр Жапаров.