Адылбек Касымалиевдин Беларуска сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тизме:

Жарандардын эки өлкө аймагында жүрүү тартиби жөнүндө макулдашуу;

Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Юстиция министрликтеринин кызматташуусу боюнча макулдашуу;

2030-жылга чейинки соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасы (товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына чейин жеткирүү планы менен);

Санариптик өнүктүрүү жаатындагы стратегиялык кызматташуу боюнча меморандум;

Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташуу боюнча меморандум;

Улуттук илимдер академияларынын илимий-техникалык кызматташуусу боюнча макулдашуу;

2025–2026-жылдарга юстиция министрликтеринин кызматташуу программасы;

Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун меморандуму жана 2025–2026-жылдарга иш-чаралар планы;

Мамлекеттик башкаруу академияларынын кызматташуу жөнүндө меморандуму;

2025–2027-жылдарга маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;

ИИМ менен Беларусь соттук экспертизалар боюнча мамлекеттик комитетинин кызматташуусу жөнүндө макулдашуу;

Баткен облусу менен Брест облусунун кызматташуусу жөнүндө макулдашуу.

Булак: sputnik.kg