Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айыл өкмөт башчыларын дайындоо тартибине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору үч окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоор менен мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев тааныштырды. Анын айтымында, бул демилге айыл өкмөт башчыларынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мурдагы мыйзамга ылайык, белгилүү бир айыл аймагында туулган жаран ошол эле аймактын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындала албай турган. Бул норма "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдын 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган болчу.

Ал эми кабыл алынган мыйзам долбоордо бул пунктту алып салуу сунушталган. Натыйжада, эми ошол айыл аймагында туулган жаран дагы айыл өкмөт башчылыгына талапкер боло алат.

Жаңы өзгөрүү айыл тургундарынын кызыкчылыгын эске алуу менен жергиликтүү бийликке жакыныраак, аймактын көйгөйүн жакшы билген кадрларды тартууга шарт түзөт.

Булак: koom.press