{{ item.title }}

Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Австриянын Федералдык канцлери Кристиан Штокер менен кыска жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз-австриялык кызматташтыктын экономика, инвестиция, экология жана туризмди камтыган маселелери талкууланды.

Диалогду бекемдөөгө жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлык белгиленди.