Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюуну сунуштады.
Анын айтымында, учурдагы башкаруу системасында облустук деңгээлдеги өкүлдөр (губернаторлор) реалдуу иш алып барбай жатышат жана алардын милдеттерин түздөн-түз акимдер аткара алат.
"Губернаторлордун баарын жоюу керек. Биздин президент жана өкмөт башчы 40 аким менен иштешиши керек. Ошондо иш алдыга жылат. Губернаторлор эмне иш кылып жатышат?" — деди Сыдыгалиев.
Булак: koom.press