Бүгүн, 23-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутаттар өзүн-өзү таратуу маселесин карап, жактырды. Эми аталган маселе парламенттин жалпы жыйынында каралат.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышын өзүн-өзү таркатуу сунушу жөнүндө» деген маселе боюнча депутат Улан Примов баяндама жасады.

Анда кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтөрү, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо дайындалганы белгиленип, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде өткөрүүгө жетишпей каларын негиз кылынган.

Булак: govori.tv