Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде «Жарнама жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, депутаттар тарабынан колдоо тапты.

Долбоорду депутаттар Марлен Маматалиев, Илимбек Кубанычбеков, Советбек Рустамбек уулу жана Бакытбек Марипов демилгелешкен. Жыйында мыйзам долбоорунун негизги багыттарын депутат Илимбек Кубанычбеков тааныштырды.  

Анын айтымында, бул мыйзам жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, кесиптик стандарттарды сактоого, ошондой эле билимсиз жана тажрыйбасыз адамдардын психологиялык кызматтарды жарнамалоосун чектөөгө багытталган.  

Комитет мүчөлөрү да сунушту колдошту. Депутат Гүлсүнкан Жунушалиева акыркы учурда өзүн "психолог" же "экстрасенс" деп атап, адамдарды алдап жаткан учурлар көбөйгөнүн белгилеп, мындай көрүнүштөрдөн жарандарды коргоонун маанисин баса белгиледи.

Депутат Элдар Абакиров мектептерде квалификациялуу психологдордун жетишсиздигин айтып, билим берүү тармагына көңүл буруу керектигин эскертти. Аида Исатбек кызы болсо укук коргоо органдарын алдамчылык фактыларына каршы ишти күчөтүүгө чакырды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылып, парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Булак: koom.press