Депутат Эрлан Кокулов спикер Нурланбек Тургунбек уулуна шайлоо өз мөөнөтүндө өтөрүү тууралуу мурун айткандыгын эскертти.

Жогорку Кеңештин 17-сентябрдагы жыйынында төрага парламентти өзүн-өзү таркатуу жол-жобосу тууралуу сөз кылгандан кийин депутат:

«Эдил Байсалов интервью берип, Жогорку Кеңеш таратылбай турганын айткан. Парламент таркатылбайт деп сиз да айттыңыз. Жаз болчу. Эми сиздин сөздөрүңүзгө ишенсе болобу же жокпу түшүнбөйм», — деп сурады Кокулов.

Тургунбек уулу муну айтып жаткан учурда шайлоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу деди.

«Президенттик шайлоону өткөрүү күнү да аныктала элек. Ошондо гана ал мыйзам менен бекитилген. Бул дүйнөдө Ыйык Куран гана өзгөрүлбөйт, калганын шартка жана кырдаалга жараша өзгөртүүгө болот. Бул жерде кутумдарды издөөнүн кажети жок», — деп кошумчалады спикер.

Булак: govori.tv