Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда аны жок кылууга бир нече ирет аракет болгонун айтып берди.

«Коррупция менен болгон күрөш жакпаган адамдар да бар. Алардын арасында коррупционерлердин тууган-уруктары, бандиттери бар. Мени өзүмдү эле жок кылайын деген канча аракет болду...

Президенттин атайын сыр болгон буйругу менен мага "ушуну карагыла, ушул бир нерсе болбосун" деп атайын жан сакчы бөлүндү. Бирок биз буга чыдайбыз, аягына чыгарабыз», - деди К.Ташиев.

Булак: Баракелде