УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда өлкө аймагында «мыйзамдагы уруу», «смотрящий», «положенец» жок экенин айтты. «Мамлекет башчы тарабынан алгач мамлекетте тартипти орнотуу боюнча тапшырма болгон.
Айрыкча көчөдө жүргөн балдарды мыйзам чегинде тартипке салалы деген. Ошол балдардын көпчүлүгү жада калса бийлик сересине чейин жетип калышкан. Кээ бирлери аким, мэр, губернатор болуп, министрликке чейин жетип кетишти. 20-100дөн бала топтоп алып, көрүнгөндү коркутуп, элдин жүрөк суусун ала башташты.
Чынын айтыш керек, Ысык-Көлгө эч ким кире албай калган. Бийликте отургандар аларды колдоп, чогуу чай ичип калышкан. Ушуларды тартипке салуу үчүн акыркы 3 жыл убакытыбыз кетти. Өтө кыйын болду, оор болду. Кээ бирөөнө түшүндүрдүк, кээ бирөөнө "башкача" кылып түшүндүрдүк... Акыры баарын мыйзамга алып келдик», - деди ал. К.Ташиев ошондой эле бир окуяны айтып берди.
«Мындан 2 жыл мурун бир министр ыйлап келди. Ал ага бандиттердин чоңу видео чалуу менен байланышып, коркутканын айтып, иштебей эле коеюн деп ыйлап келиптир. Мен ошондо коркпо деп айткам. Сени карайм деп жүрүп акырында ошол бандиттерди жок кылдык. Кайсы партия утушу керек, ким депутат болушу керек, ким кайсы кызматка отурушу керек — ушуларга чейин чече башташкан», - деди ал.
Булак: Баракелде