Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева ар кыл тармакта эмгектенген алдыңкы адистерди Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана “Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалы менен сыйлады.
Парламенттен билдиришкендей, аземде мамлекеттин өнүгүшү ар бир жарандын жасаган ишине көз каранды экенин белгилеген төраганын орун басары: “Кыргызстандын башкы байлыгы – эл. Андыктан, элибиздин бакубат жашоосу үчүн баарыбыз кам көрүп, өлкөбүздүн келечеги үчүн талыкпай иш алып баруубуз кажет. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого алып, ар бир адис өз тармагында ийгилик жарата алганда гана мамлекетибизде өнүгүү болот”, – деди.
Ошондой эле сыйлык ээлеринин жасап жаткан иштерине жогору баасын берген Жылдыз Садырбаева: “Ушул жерде ар кыл багытта иштеген алдыңкы адистер олтурасыздар. Өрнөктүү өмүр жолуңуздар мындан ары да ийгиликтүү уланып, Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги үчүн кызмат кыла бересиздер деген терең ишеничтемин”, – деп кошумчалады.
Эскерте кетсек, сыйлык алгандардын катарында агартуучулар, дарыгерлер, коопсуздук жана көзөмөл органдарында жана социалдык-экономикалык тармактарда эмгектенген алдыңкы адистер болду.