{{ item.title }}

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Rhenus Assets & Services GmbH & Co. KG компаниясынын аткаруучу директору - Rhenus SE компаниянын башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Генрих Керстгенс менен жолукту.

Жолугушуу "Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү" кыргыз-герман бизнес форумунун жана кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин IV отурумунун алкагында өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, Кыргызстанда соода-логистикалык инфраструктураны куруунун келечегин талкуулашты. 

Министрлер кабинетинин төрагасы компания менен кызматташууга даяр экенин белгилеп, Германиянын алдыңкы тажрыйбасына, технологияларына жана инвестицияларына кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Rhenus Assets & Services GmbH & Co. KG компаниясынын аткаруучу директору - Rhenus SE компаниянын башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Генрих Керстгенс өлкөнүн логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кызматташууну түзүүгө кызыкдар экендигин ырастады.